Мекеме жөнүндө

Мекеме жөнүндө

№144 бала бакча 1977-жылы июнь айында 55 бала 3 топ болуп  ачылган. 1981-жылы 4- топ үчүн кошумча имарат салынган. 2017-жылы эки топ үчүн дагы жаңы корпус ачылды. Азыркы учурда санитардык норма боюнча  бала бакча 260 кишиге  ылайыкташтырылган.

Бала бакча жумасына 5 жумуш күн иштейт. Бала бакчада балдар саат 07:00-19:00  гө чейин 12 саат болушат. Бала бакчада 9 топ ачылган: 2 топ  эң кенже балдар жана  7 топ  мектепке чейинки билим ала турган балдар. Эки топто окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн топтордо  – кыргыз тили кошумча окутулат.

Учурда бала бакчада балдардын толук кандуу өсүшү  үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Сабактар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынанбекитилген, андан сырткары мектепке чейнки билим берүү тармагында инновациялык билим берүү технологиялары катышкан мектепке чейинки балдарды окутуп-өнүктүрүүчү жана тарбиялоочу Базистик (жалпы өнүктүрүүчү) программанын негизинде өтүлөт.

Бала бакчанын негизги максаты балдардын жашоосун камкордукка алуу, мыкты инсан катары калыптандыруу, баланы заманбап жашоого даярдоо жана алардын жаш жана жеке өзгөчөлүгүнө ылайык ар тараптан психикалык жана физикалык жактан өнүктүрүү.